Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры № 60
“Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын IV кварталына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө”
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү бюджетинин 2017-жылдын IV-кварталына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы С.Курбановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, жергиликтүү бюджетинин 1-январь 2017-жылга калган 73,0 мин сом калдык акча каражаттары бөлүмдөр боюнча IV-кварталдын төмөнкү статьяларына жылдырылып бекитилсин.
Аппарат 01.01.2017-жылга калдык - 73,0 мин сом;
Аппарат 70111 Байланыш кызматы - 30,2 мин сом;
Аппарат 70111 Транспорт кызматы - 245,0 мин сом;
Аппарат 70111 Имараттарды жана жайларды учурдагы ондоого кеткен
чыгымдар - 80,0 мин сом;
Аппарат 70111 Учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди
жана материалдарды сатып алуу - 350,0 мин сом;
Аппарат 70111 Түрдүү чыгымдар 778,2 мин сом;
Орто мектеп 70921 Көмүр үчүн акы - 100,0 мин сом;
Аппарат 70111 Көмүр үчүн акы 100,0 мин сом;
Орто мектеп 70921 Учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди
жана материалдарды сатып алуу - 120,0 мин сом;
Орто мектеп 70921 Сапардык чыгым - 50,0 мин сом;
Орто мектеп 70921 Түрдүү чыгым - 70,0 мин сом;
Балдар бакчасы 70911 Учурдагы чарбалык максаттар үчүн башка предметтерди
жана материалдарды сатып алуу - 100,0 мин сом;
Балдар бакчасы 70911 Сапардык чыгым - 50,0 мин сом;
Балдар бакчасы 70911 Түрдүү чыгым - 50,0 мин сом;
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы С. Курбановко тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет жана экономика маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |