Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры № 61
“Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 9 айлык отчетун кароо жөнүндө”
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштерин угуп жана талкуулап айрым кемчиликтер менен канааттандыраарлык деп табуу менен 2017-жылдын 26-декабрына чейин Кара-Бак айылдык банянын келишимин, Дөбө банянын документтерин, лицензия учун кен байлыктардан түшкөн акча каражатын тактоо жагын жүктөө максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 ай ичинде аткарган иштери айрым кемчиликтер менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2. 2017-жылдын 26-декабрына чейин Кара-Бак айылдык банянын келишимин тактоо, Дөбө банянын документтерин тактоо жана лицензия учун кен байлыктардан түшкөн акча каражатын тактоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |