Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-декабры № 62
“Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюжетин бекитүү, 2019-2020-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө”
Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Курбанвдун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюжетин бекитүү, 2019-2020-жылдарга бюджетинин долбоору боюнча даярдалган маалыматын угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз XV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2018-жыл үчүн киреше бөлүгү 19820,4 (он тогуз миллион сегиз жуз жыйырма мин төрт жүз) сом суммада, ал эми чыгаша бөлүгү 19820,4 (он тогуз миллион сегиз жуз жыйырма мин төрт жүз) сом суммасында бекитилсин.
2. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бюджетинин болжолу үчүн киреше бөлүгү 19826,6 (он тогуз миллион сегиз жуз жыйырма алты мин алты жүз) сом, ал эми чыгаша бөлүгү 19826,6 мин сомго, 2020-жылга бюджетинин болжолу 19867,4 (он тогуз миллион сегиз жуз алтымыш жети мин төрт жүз) сом суммасында, ал эми чыгаша бөлүгү 19867,4 мин сомго бекитилсин.
3. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар боюнча эсебиндеги иштелбей калган акчалар 2019-жылдын сметасына киргизилип, төмөнкүдөй тартипте бекитилсин.
1) 01.01.2019-жылга калган калдык акча каражаты – 123462,44 сом;
2) ПРООН тарабынан берилген акча каражаты – 8970,00 сом;
3) Аппараттын атайын каражаттар боюнча эсебиндеги – 101298,00 сом;
4) Депозиттик эсептеги акча каражаты – 20304,00 сом.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Курбановго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Каламбеков |