Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-октябры № 38
«Кара-Токой айылына Балдар бакчасын куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жөнундө»
Кара-Токой айылына Балдар бакчасын куруу үчүн Б.Мергенов атындагы орто мектебинин жеринен жер участогун болүп берүү боюнча Суу-Башы айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Маркаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кенештин Vl чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Токой айылына Балдар бакчасын куруу үчүн Б.Мергенов атындагы орто мектебинин жеринен 0.12 га жер участогун бөлүп берүүго макулдук берилсин.
2.Тиешелүү болгон документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага | Р.Артыкбаев |