Загрузка документа…
АК САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-январы № 3
“Ак-Сай айыл өкмөтүнүн кеңсесин кайтаруу үчүн кароолчу кызматчысына эмгек акы бөлүп берүү жөнүндө”
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигинде кароолчу кызматы жок экендиктен жана айыл өкмөтүнүн кеңсесиндеги инвентарларды кайтаруусун камсыз кылуу максатында, Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын XIV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн имаратын жана кеңсесиндеги инвентарлардын кайтаруусун камсыз кылуу максатында айыл өкмөтүнүн бюджетинин 6-раздель ЖКХ статьясынан кароолчу кызматынын эмгек акысына 48000 (кырк сегиз миң) сом акча каражаты берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш-чараларды аткаруу жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго тапшырылсын.
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин план жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Анаров |