Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-марты № 1
«Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетин жана жайыт акысын бекитүү жөнүндө”
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетин болжолун карап чыгып жана айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимин негизинде жана жайыт акысын бекитүү жөнүндөгү сунушун карап чыгып, бир топ талкуулардан кийин Ак-Сай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги ХV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2018-жылга бюджетинин планы:
Кирешелер: 682,0
Чыгашалар: 682,0
Көрсөтүлгөн суммада бекитилисин, 2018-жылдык сметанын негизинде иштетилсин.
2. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин 2018-жылга карата жайытка чыгуучу мал жандыктарына жайыт акысын төмөнкү тарифте бекитилсин.
Уй 90 сом.
Музоо 60 сом.
Жылкы 120 сом.
Кой эчки 36 сом.
3. Бюджеттин чыгашаларын максаттуу пайдалануу жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин башчысы С.Абдиллаевге милдеттендирилсин.
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Сай айылдык кеңешинин финансы, бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Анаров |