Загрузка документа…
АК САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-марты № 2
“Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер тилкелерин аукцион аркылуу сатууга макулдук берүү жөнүндө”
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын XV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Сабировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн кеңсесинин күн чыгыш тарабындагы жолдун боюнан 0,02га жер тилкеси ашкана курууга жана Ак-Сай айылынын Ак-Сай Баткен авто жолунун боюндагы 0,10га жер тилкеси авто унаа оңдоочу жай үчүн аукцион аркылуу сатууга макулдук берилсин.
2. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин план жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Анаров |