Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-марты № 3
“Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылынын Керме-Тоо участкасына айыл статусун берүүгө макулдук берүү жөнүндө”
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылынын Керме-Тоо участкасында жашаган жарандарынын саны көбөйгөндүгүн жана социалдык-экономикалык абалын жакшыртууну камсыз кылуу максатында, Ак-Сай айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын XV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылынын Керме-Тоо участкасында жашаган элдин санын эске алып, Керме-Тоо участкасына айыл статусун берүүгө макулдук берилсин.
2. Керектүү болгон документтерди даярдап, жогорку органдарга тапшыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Ниязкуловго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду бекитип берүү жагы Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңешинин айыл чарба, агроөнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мулккө укутарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Анаров |