Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-майы № 18
“Суу-Башы айыл аймагынан аңыз жерди ижарага беруу жөнүндө”
Суу-Башы айыл аймагынын Айгул-Таш айылынын түндүк-батыш тарабындагы 2 га аңыз жерди суу-чыгарып өздөштүрүү үчүн көп жылдык мөөнөткө ижарага беруу боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси С.Маркаевдин сунушун угуп жана талкуулап Суу-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Суу-Башы айыл аймагынын Айгул-Таш айылынын түндүк-батыш тарабындагы 2 га аңыз жерди суу-чыгарып өздөштүрүү үчүн көп жылдык мөөнөткө ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Артыкбаев. |