Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-августу № 71
«Бешкент айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө»
Бешкент айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик-укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Бешкент айыл аймагынын айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл аймагынын айылдык Кенешинин токтомдөру мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
2. Ушул токтом айыл Өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп Gamsumo-kr @ mail.ru веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Баткен өбласттык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бешкент айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы Мусаев Кубатбек Ибрагимөвичке жүктөлсүн.
Төрага | О.Баховатдинов |