Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-январы №12/51
“Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2015–жылдын 19–августундагы “Кызыл–Кыя шаарынын аймагындагы кайра бөлүштүрүү Фондусундагы айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” №34/125 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу”
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө негиз, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007–жылдын 29–июнундагы № 1997–III “Кайра бөлүштүрүү фондусундагы айыл чарба жерлерин ижарага берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна негиз, шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017–жылдын 26–декабрындагы №13 протоколунун чечимин жана шаардын “Караван” аймактык башкармалыгынын 2017–жылдын 18–декабрындагы кайрылуу катын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2015–жылдын 19–августундагы “Кызыл–Кыя шаарынын аймагындагы кайра бөлүштүрүү Фондусундагы айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” №34/125 токтомунун 1–пунктуна өзгөртүү киргизилсин жана Кызыл–Кыя шаарынын аймагындагы кайра бөлүштүрүү Фондусундагы айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү боюнча комиссиянын жаңы курамы №1–тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин коммуналдык обьектер, менчик, мүлк жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрайым | У.Дарипова |
Кызыл–Кыя шаардык кенешинин
(VI чакырылышы) 2018–жылдын
30–январындагы кезектеги
12–сессиясынын №12/51–токтомуна
№1–тиркеме
Кызыл–Кыя шаарынын аймагындагы кайра бөлүштүрүү Фондусундагы айыл чарба жерлерин бөлүштүрүү боюнча комиссиянын курамы.
1. Арзыбеков А.А. – Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин депутаты;
2. Худайбергенов К.Т. – Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин депутаты;
3. Каримов А.М. – Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин депутаты;
4. Кабулов Т.Т. – Кызыл–Кыя шаардык кенешинин депутаты;
5. Каарова А.М. – Кызыл–Кыя шаардык кенешинин депутаты;
6. Кыпчаков Н.А. – шаардын “Караван” аймактык башкармалыгынын башчысы;
7. Акматов К.М. – Кызыл–Кыя шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын адиси;
8. Тажибаев А.Э. – “Караван” аймактык башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
9. Аширов А.К. – Караван айылынын айыл башчысы;
10. Шарипов Р.Т. – Ак–Булак айылынын айыл башчысы;
11. Жумабаев И. – Жин–Жиген айылынын айыл башчысы;
Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин аппаратынын жетекчиси | Р.Абдукаюмов |