Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018 – жылдын 19 – апрели №14/54
«Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2018–жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги шаардык кеңештин 2018–жылга карата иш планынын долбоорун карап жана талкуулап чыгып, иш пландын долбоору шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын сунуштары боюнча түзүлгөндүгүн эске алып, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2011–жылдын 15–июлундагы №101 Мыйзамынын 31–беренесинин 2–бөлүгүнө жана шаардык кеңештин регламентинин 8–бапына негиз, Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл–Кыя шаардык кеңешинин 2018–жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин. (2018–жылга иш план тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин төрайымы У.Дариповага орун басарлары А.Мамадиевге, М.Миркадыровго жана шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагаларына тапшырылсын.
Төрайым | У.Дарипова |
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин
(VI чакырылышы) 2018-жылдын
19-апрелиндеги кезектеги
14-сессиясынын №14/54 токтомуна
№1-тиркеме
Кызыл – Кыя шаардык кеңешинин 2018–жылга карата түзүлгөн
И Ш П Л А Н Ы
№ | Каралуучу маселелер | Мөөнөтү | Ким аткарат | Жооптуу |
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессияларында каралуучу маселелер
| ||||
1. | Кызыл-Кыя шаарынын 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2017-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө. | 2018-жылдын 1-кварталы
| Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
2. | Кызыл-Кыя шаарынын 2018-жылга жергиликтүү бюджетин кабыл алуу жөнүндө.
| 2018-жылдын 1-кварталы | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
3. | Кызыл-Кыя шаарынын 2019-2020-жылдарга жергиликтүү бюджеттери- нин божомолу жөнүндө. | 2018-жылдын 1-кварталы | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
4. | Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван аймактык башкармалыгынын 2017-жылга жүргүзгөн иштери жана 2018-жылдын түшүмү үчүн жүргүзүлүп жаткан жазгы талаа иштеринин абалы тууралуу жана аймактык башкармалыктын аймагындагы СПАлардын (АВП) жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө | 2018-жылдын 2-кварталы | Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, адис |
5. | Кызыл–Кыя шаарынын социалдык–экономикалык өнүгүүсү жана божомолдогон негизги көрсөткүч–төрүнүн 2017–жылдын жыйынтыгы менен аткарылышы тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин отчету жөнүндө | 2018-жылдын 2-кварталы | Кызыл-Кыя шаарынын мэри | Шаардык кеңештин аппараты |
6. | Кызыл-Кыя шаарынын санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча аткарылып жаткан иштер, шаардын көчөлөрүн жарыктандыруу жана шаардын жолдорун оңдоп түзөө тууралуу жана Кызыл-Кыя шаарындагы автопарков-калардын абалы жөнүндө | 2018-жылдын 2-кварталы | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
7. | Кызыл-Кыя шаарынын Башкы планын даярдоо боюнча аткарылып жаткан иштер жана шаардын архитектуралык жактан жалпы көрүнүшүн жакшыртуу, шаардагы курулушу бүтпөгөн, ташталган жана кароосуз калган имараттарды, жерлерди аныктоо (инвентаризациялоо) жөнүндө | 2018-жылдын 2-кварталы | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
8. | “Кызыл–Кыя шаарынын ардактуу жараны” жөнүндө Жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө. | 2018-жылдын 2-кварталы | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, адис |
9. | Кызыл-Кыя шаарынын 2018-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышынын жүрүшү жөнүндө: – 6 айлык бюджеттин аткарылышы боюнча отчету; – 9 айлык бюджеттин аткарылышы боюнча отчету; – 12 айлык бюджеттин аткарылышы боюнча отчету жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын салыктарды жыйноо боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө | 2018-жылдын июль айы, октябрь айы, декабрь айы. | Бюджет, финансы, экономика жана инвестицияны тартуу маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
10. | Калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча шаардык “Кызыл-Кыя Сууканал” муниципал- дык ишканасынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | 2018-жылдын 3-кварталы | Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, адис |
11. | Кызыл-Кыя шаарынын мэри Э.Топчубаевдин 2018-жылдын 6 айына карата аткарган иштери жөнүндө. | 2018-жылдын 3-кварталы | Кызыл–Кыя шаарынын мэри. | Шаардык кеңештин аппараты |
12. | Баткен облусунун Кызыл-Кыя ШИИБү боюнча жол кыймылынын коопсузугун камсыз кылуу бөлүмчөсүнүн шаарда жол кыймылынын коопсузугун камсыз кылуу жана жол-транспорт кырсыктарынын алдын алуу багытында жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө. | 2018-жылдын 3-кварталы | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Шаардык кеңештин аппараты |
13. | Кызыл-Кыя шаардык спорт, жаштар маданият жана миграция тармагындагы болуп жаткан иштер жана Кызыл-Кыя шаарынын 120 жылдык мааракесин өткөрүүгө даярдыктардын жүрүшү жөнүндө | 2018-жылдын август айы | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, адис |
14. | Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы мекеме-ишканалардын (РЭС,ТЭЦ) кышка даярдыгы жана шаарды күзгү-кышкы мезгилге даярдоо боюнча шаардык штабдын маалыматы | 2018-жылдын 3-кварталы | Коммуналдык обьектер, менчик, мүлк, экология санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана архитектура, курулуштар маселелери боюнча туруктуу комиссиясы. | Аппарат жетекчи, жетектөөчү адис |
15. | Кызыл-Кыя шаарынын көчөлөрүнө, объектерге ысым коюу жана өзгөртүү боюнча Жобо жөнүндө | 2018-жылдын 4-кварталы | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, адис
|
16. | Кызыл–Кыя шаарынын аймагында улуттук каада салттарды жана үрп адаттарды иретке келтирүү, аш, тойлордогу ашыкча чыгымдарды кыскартуу боюнча Кызыл–Кыя шаарынын I Элдик Курултайынын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө.
| 2018-жылдын 4-кварталы | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, адис |
17. | Диний экстремизмдин алдын алуу жана аны менен күрөшүү боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алып барып жаткан иштери жөнүндө | 2018-жылдын 4-кварталы | Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, адис |
18. | Кызыл-Кыя шаарындагы жалпы саламаттыкты сактоо багытында жана билим берүү тармагында иш алып барган мекемелердин ишмердүүлүгү жөнүндө | 2017-жылдын 4-кварталы | Социалдык өнүктүрүү, саламаттыкты сактоо, билим берүү, жаштар саясаты, маданият, миграция, жумушсуздук, спорт жана туризм маселелери боюнча туруктуу комиссиясы | Аппарат жетекчи, адис |
Уюштуруу иштери |
| |||
1 | Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун “2018-жылды – Региондорду өнүктүрүү жылы”, – деп жарыялаган Жарлыгын аткаруу боюнча иш–аракеттерди жүргүзүү. 1) Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттары аркылуу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун “2018-жылды – Региондорду өнүктүрүү жылы”, – деп жарыялаган Жарлыгын элге жеткирүү. | Жыл ичинде. | Шаардык кеңеш, шаардык кеңештин депутаттары, шаардын мэриясы. | Шаардык кеңештин аппараты |
2 | Шаардык кеңештин депутаттары менен окуу кеңешмелерин өткөрүү. | Жыл ичинде. | КР ЖӨБИ боюнча мамлекеттик агенттиги, шаардык кеңеш эл аралык уюмдар менен. | Шаардык кеңештин аппараты |
3 | Кызыл–Кыя шаарындагы Аялдар кеңешин түзүү жана ишмердүүлүк жүргүзүшүнө көмөк көрсөтүү, алардын аткарылышын көзөмөлдөө. | Жыл ичинде. | Шаардык кеңеш, шаардын мэриясы, шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары | Шаардык кеңештин аппараты |
4 | Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин депутаттарынын окуу билимин жогорулатуу максатында башка шаардык кеңештердин депутаттары менен тажрыйба алмаштырууну уюштуруу | Жыл ичинде. | Шаардык кеңештин аппараты. | Шаардык кеңештин аппараты |
5 | Шаардык кеңештин сессияларында жана шаардык кенештин туруктуу комиссияларынын отурумдарында кабыл алынган токтомдордун, чечимдерин аткарылышын көзөмөлдөө. | Жыл ичинде. | Шаардык кеңештин трууктуу комиссиялары. Шаардык кенештин аппараты. | Шаардык кеңештин аппараты |
6 | Шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен болгон жолугушууларын уюштуруу жана ал жолугушууларда айтылган сын–сунуштарынын аткарылышын көзөмөлдөө. | Жыл ичинде | Шаардык кеңештин аппараты. | Шаардык кеңештин аппараты |
7 | Шаардын кварталдык, үй комитеттери жана аксакалдар соттору менен иш алып баруу. | Жыл ичинде. | Шаардык кеңеш, шаардык кенештин туруктуу комиссиялары. | Шаардык кеңештин аппараты |
8 | Шаардагы ардагерлер кеңеши, жаштар уюмдары, аялдар кеңештери жана башка коомдук уюмдар менен иш алып баруу. | Жыл ичинде. | Шаардык кеңеш, шаардык кенештин туруктуу комиссиялары. | Шаардык кеңештин аппараты |
Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин аппаратынын жетекчиси: | Р. Абдукаюмов |