Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры № 77
“Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга долбоорун бекитүү жөнүндө”
Дара айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Токтомушованын Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга долбоорун бекитүү жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап, айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Дара айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2018-жылга долбоору 13696,9 (он үч миллион алты жүз токсон алты) сом суммасында бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |