Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры № 78
“Дара айыл аймагында кооптуу жайларда жашап жаткан тургундарды көчүрүү максатында жер алуучулардын тизмесине кезексиз киргизүү жөнүндө”
Дара айыл аймагында кооптуу жайларда жашап жаткан тургундарды көчүрүү максатында Дара айыл өкмөтүндө жер алуучулардын тизмесине кезексиз киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси А.Мамытовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жеке менчик турак жай куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча түзүлгөн комиссиясынын макулдугу менен Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Дара айыл аймагында кооптуу жайларда жашап жаткан төмөнкү 13 үй-бүлө Кайыңды айылынан: Закиров Тажибай, Шарапова Зимират,
Жаңырык айылынан: Жаникулов Маматали, Сулайманова Алтынай, Акматов Мунарбек, Абдиев Сайдар, Абдиев Акмат, Үсөнов Жакыпали, Шамшиев Асирет, Сапаралиев Абдилла, Кан айылынан: Матаев Бектемир, Амиров Абдималик, Ормонов Арзыматтар Дара айыл өкмөтүндөгү жер алуучулардын тизмесине кезексиз киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ж.Токтомушовага милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |