Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры № 79
“алктуу конуштардын жерлерин жана айыл-чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын Кз коэфицентин бекитүү жөнүндө”
Дара айыл аймагындагы калктуу конуштардын жерлерин жана айыл-чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын Кз коэфицентин бекитүү боюнча айыл өкмөтүнүн салык жыйымдар боюнча башкы адиси Х.Нийматиллаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Дара айыл аймагындагы калктуу конуштардын жерлерин жана айыл-чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын Кз коэфиценти 1ге бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн салык жыйымдар боюнча башкы адиси Х.Нийматиллаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |