Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры № 81
“Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын №40-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын V-сессиясынын № 40-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл чарба жерлерин, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиясынын макулдугу менен Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.. Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын V-сессиясынын №40-токтомуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин.
2. Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылынан Кара-Бак айыл өкмөтүнө чейинки Р-4 каналын улап жаңыдан куруу үчүн 2,1км аралыктагы 4,2га жер аянты “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр-жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка жерлер” категориясына (трансформациялоого) которууга макулдук берилсин.
3. Айыл чарба багытындагы таштуу жайыт жерден 4,2га жер аянты өнөр-жайынын, транспорттук байланыштын коргонуу жерлери жана башка багытындагы жерлерге которуу (трансформациялоо) жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Керектүү иш кагаздарын тактап берүү жагы Баткен райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |