Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры № 83
“Жаңы-Жер айылынын борборундагы 0,57га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө”
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын борборундагы 0,57га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын макулдугу менен Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылынын борборундагы 0,57га жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2. Жаңы-Жер айылынын борборундагы 0,57га жер аянтын муниципалдык менчикке алуу боюнча мыйзамдуу иш-кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |