Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-октябры № 84
“Жаңы-Жер айылына бала-бакча куруу үчүн 0,25га жер бөлүп берүү жөнүндө”
Дара айыл аймагынын Жаңы-Жер айылына бала-бакча куруу үчүн 0,25га жер бөлүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын макулдугу менен Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылына бала-бакча куруу үчүн 0,25га жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылына бала-бакча куруу үчүн 0,25га жер аянты ажыратылсын.
3. Бала-бакча үчүн ажыратылган 0,25га жер аянтынын мыйзамдуу иш-кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |