Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры № 87
“Кан айылына трансформатор куруу үчүн 16м2 жер бөлүп берүү жөнүндө”
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кан айылына трансформатор куруу үчүн 16м2 жер бөлүп берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүү боюнча комиссиясынын макулдугу менен Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кан айылына трансформатор куруу үчүн 16м2 жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кан айылына трансформатор куруу үчүн 16м2 жер аянты ажыратылсын.
3. Мыйзамдуу иш кагаздарын берүү жагы Баткен РЭТ ишканасынан суралсын.
4. Трансформатор куруу үчүн ажыратылган 16м2 жер аянтынын мыйзамдуу иш-кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |