Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры № 89
“Жаңы-Жер айылындагы өндүрүштүк аймактан мөмө-жемиштерди сактоочу муздаткыч кампа куруу үчүн 0,15га жер аянтын 10жылдык мөөнөт менен аукцион аркылуу ижарага берүү жөнүндө”
Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылындагы өндүрүштүк аймактан мөмө-жемиштерди сактоочу муздаткыч кампа куруу үчүн 0,15га жер аянтын 10жылдык мөөнөт менен аукцион аркылуу ижарага берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айыл чарба жерлерин, КБФнун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиясынын макулдугу менен Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Жаңы-Жер айылындагы өндүрүштүк аймактан мөмө-жемиштерди сактоочу муздаткыч кампа куруу үчүн 0,15га жер аянтын 10жылдык мөөнөт менен аукцион аркылуу ижарага берилсин.
2. Мыйзамдуу иш-кагаздарын жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |