Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры № 90
“Дара айыл аймагында карышкыр аткан мергендерге акчалай сыйлык берүү жөнүндө”
Дара айыл аймагында карышкыр аткан мергендерге акчалай сыйлык берүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Дара айыл аймагынын элдеринин малдарын сактоо максатында айыл аймагындагы мергенчилерге карышкыр аткандыгы үчүн ар бир атылган карышкырга 3000 (үч миң) сомдон сыйлык белгиленсин.
2. Дара айыл аймагынын элдеринин малдарынын коопсуздугун сактоо боюнча иш жүргүзүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |