Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры № 91
“Дара айыл аймагында эмгектенип жаткан жаш мугалимдерге материалдык жактан колдоо көрсөтүү жөнүндө”
Дара айыл аймагында эмгектенип жаткан жаш мугалимдерге материалдык жактан колдоо көрсөтүү боюнча айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Дара айыл аймагына жаңыдан жогорку окуу жайларды бүтүп келип ишке кирген жаш мугалимдерге колдоо көрсөтүү үчүн жылына бир жолу материалдык жардам катары 10 000 (он миң) сомдон төлөнүп берилсин.
2. Дара айыл аймагына жаңыдан жогорку окуу жайларды бүтүп келип ишке кирген жаш мугалимдер Дара айыл аймагынан турак-жай куруу үчүн жер алуучулардын тизмесине кезексиз киргизилсин.
3. Дара айыл аймагына жаңыдан жогорку окуу жайларды бүтүп келип ишке кирген жаш мугалимдерди тактоо жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджеттик, агрардык, жер, муниципалдык чарба жана көрктөндүрүү маселелери боюнча туруктуу комитетине жана айыл өкмөтүнүн жер адиси Абдипатта уулу Жумабекке жүктөлсүн.
Төрага | М.Султанов |