Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры № 94
“Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында КААБ түзүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 25-июнундагы № 82 Укук бузуулардын алдын алуу мыйзамына ылайык Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында КААБ (коомдук алдын алуу борбору) түзүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында коомдук алдын алуу борборунун төмөнкүдөй курамы түзүлсүн.
-А.Саттаров-КААБ төрагасы;
-Н.Юсупжан уулу-КААБдын катчысы;
-Н.Кожоев-айылдык кеңештин депутаты, мүчөсү;
-М.Самидинова-соц.адиси,мүчөсү;
-С.Садирбекова-аялдар кеңешинин төрайымы, мүчөсү;
-А.Мамытов-ӨК боюнча адис, мүчөсү;
-М.Шадыбеков-Жаңы-Жер айылынын айыл башчысы, мүчөсү;
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында коомдук алдын алуу борборунун ЖОБОСУ бекитилсин.
3. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдында коомдук алдын алуу борборунун мыйзамдуу иш-кагаздарынын бүтүрүү жагы Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо жана укук тартиби иштери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Султанов |