Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры № 95
“З.Байзаков жөнүндө”
Дара айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы З.Байзаковду “Баткен районунун ардактуу атуулу” наамына сунуштоо боюнча даярдалган билдирүүнүн угуп жана талкуулап, Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Байзаков Закир Топчуевич “Баткен районунун ардактуу атуулу” наамына сунушталсын.
2. Дара айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Байзаков Закир Топчуевичке “Баткен районунун ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Мисиралиевге милдеттендирилсин
Төрага | М.Султанов |