Загрузка документа…
ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-ноябры № 96
“Ж.Исираев жөнүндө”
Баткен жерге жайгаштыруу боюнча экспедициясынын башкармалыгынын жалпы жамаатынын 2017-жылдын 20-ноябрындагы чогулушунун №5-протоколу боюнча даярдалган билдирүүнү угуп жана талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги IХ-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дара айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн Баткен жерге жайгаштыруу боюнча экспедициясынын башкармалыгынын башчысы Исираев Жусупбек Арыповичке “Дара айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Керектүү болгон каражаттар менен камсыздоо жагы ФЭБ башчысы Ж.Токтомушевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Мисиралиевге милдеттендирилсин
Төрага | М.Султанов |