Загрузка документа…
СУУ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-октябры № 36
“Суу-Башы айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө”
Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Айгул-Таш айылынын тургундарынын кайрылуусун, ошондой эле айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Суу-Башы айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз Х сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Суу-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы А.Эрматовдун билдирүүсүндо көрсөтулгөндөй, айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын IV кварталынын чыгашаларынан, билим берүү бөлумүнүн көмүр сатып алуу- 2224 статьясынан 83,0 мин сом акча каражаты, анын ичинен орто мектептерден- 69,3 мин сом, балдар бакчасынын- 11,0 мин сом жана башталгыч мектептен- 2,7 мин сом, аппарат бөлүмүнүн 3112 башка механизимдерди жана камсыз кылууларды алуу статьясына жылдырылсын.
2.Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Айгул-Таш айылынын тургундарынын кайрылуусунда көрсөтүлгөн, Айгул-Таш айылына ичүүчү жана сугат суусу менен камсыз кылуучу суу-насосунун эскилиги жеткендигине байланыштуу жаны насос алуу үчүн демөөрчүлөрдөн каралган 60,0 мин сом акча жетпегендиктен айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы жериликтүү бюджетинин аппарат бөлүмүнүн 3112 статясынын эсебинен 83,0 мин сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары бөлүнүп берилсин.
3.Айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнүн негизинде, айыл өкмөтүнүн жооптуу
кызматкерлери тактап айтканда айыл өкмөт башчысы, жооптуу катчысы, ФЭБнүн башчысы, бухгалтер-кассири, киреше боюнча адиси жана айдоочусуна Баткен шаары үчүн сапардык чыгым бекитилсин. Ал эми калган кызматкерлерге айыл өкмөтүнүн буйругунун негизинде төлөнүп берилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Суу-Башы айылдык кенешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Р.Артыкбаев |