СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышы кезексиз VII сессиясы
2017-жылдын 11-октябры № 36
“Сүлүктү шаардык мэриясынын 2017-жылдын 9-октябрындагы №02-10/01-1085 чыгыш сандуу статьядан статьяга жылдыруу жөнүндөгү каты жөнүндө”
Сүлүктү шаардык мэриясынын 2017-жылдын 9-октябрындагы №02-10/01-1085 чыгыш сандуу Сулукту шаардык билим берүү бөлүмүнүн “Көмүр сатып алуу” 2224 статьясынан 893,9 мин сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекеме ишканалардын “Кызматтык иш сапарларына чыгымдар” 2211 статьясына жылдырып берүү жөнүндөгү каты жөнүндө депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун жана билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап шаардык бюджеттик мекеме ишканалардын кызматтык иш сапары боюнча эски карыздарын жабуу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Мыйзамынын жана ”Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөгү” Мыйзамынын талаптарынын ченеминде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сулукту шаардык билим берүү бөлүмүнүн “Көмүр сатып алуу” 2224 статьясынан 893,9 мин сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен каржылануучу мекеме ишканалардын “Кызматтык иш сапарларына чыгымдар” 2211 статьясына жылдырууга макулдук берилсин
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.Келдибековго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ шаардык кенештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т. Азизбеков |