ТоктомКүчүндө

Самаркандек айылдык кеңешинин 2018-жылдын 2-февралындагы № 81 «Калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйындын төлөмү жөнүндө» токтому

Редакция02.02.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

IV чакырылышынын кезексиз XХIII сессиясы

2018-жылдын 2-февралы№ 81

“Калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйындын төлөмү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Салык кодексинин ишке ашыруу аракеттери жөнүндөгү” Мыйзамынын 12-статьясынын план жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын заседаниесинде угулуп жана талкуулангандыгынын негизинде Самаркандек айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканаларда эмгектенген ар бир адамга 100 (жуз) сомдон жана калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды ташып чыгаруу учун жашаган ар бир кожолуктан 30 (отуз) сомдон жыйын жыйноо жагы бекитилсин.

2.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Самаркандек айылдык кенешинин план бюджет, экономика, финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Пирматов