Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 116
“Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын жарандардын кайрылуулары жана арыздары боюнча жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө”
Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы И.Сансызбаевдин аталган мекемеде жарандардын кайрылуулары жана арыздары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамын, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 11-апрелиндеги отурумунун № 5 токтомун, ошондой эле сессияда сүйлөгөн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын башчысы И.Сансызбаевдин аталаган мекемеде жарандардын кайрылуулары жана арыздары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндөгү маалыматыэске алынсын.
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Р.Раимбердиев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |