Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 117
“Ош шаарында орто жана кичи бизнести өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө “
Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тышкы байланыштар жана бизнес чөйрөнү өнүктүрүү Агентигинин директору З.Юсуповдун Ош шаарында орто жана кичи бизнести өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 11-апрелиндеги №1 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарында орто жана кичи бизнести өнүктүрүү боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндөгү Ош шаарынын мэриясынын алдындагы тышкы байланыштар жана бизнес чөйрөнү өңүктүрүү Агенттигинин директору З.Юсуповдун маалыматы эске алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А. Кадырбаев):
- Ош шаарына сырттан келген жеке ишкерлерге жагымдуу шарттарды түзүү;
- Ош шаарында орто жана кичи бизнести өңүктүрүү боюнча чараларды көрүү, алардын көйгөйлүү маселелерин чечүү;
- шаардагы орто жана кичи бизнести өңүктүрүүгө жетишсиз көңүл бурулгандыгы үчүн тийиштүү жактардын жоопкерчилигин карап чыгуу жана тиешелүү орган, мекемелер тарабынан берилүүчү уруксат документтеринин өз убагында берилүүсүн көзөмөлдөө;
- Ош шаарынын Масалиев проспектиндеги “Келечек”, Ленин көчөсүндөгү” Шаит-Төбө”, Мамыров көчөсүндөгү “Курулуш материалдар” базарларын иретке келтирүү максатында комиссия түзүү жолу менен базарларды жылдыруу маселесин иликтеп чыгып, жыйынтыгын Ош шаардык Кенешине билдирүү милдеттендирилсин жана эркин экономикалык аймак боюнча жумушчу топтун курамын кайра түзүү, комиссиянын ишин жандандыруу сунушталсын.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашова).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Каримбеков) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |