Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 119
«Кыргыз Текстиль ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомуна Ош шаарында тигүү фабрикасын куруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген 25 гектар жердин ижара акысын кароо жөнүндө»
Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 18-июнундагы №402/08-13 «Кыргыз Текстиль ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомунун Ош шаарында тигүү фабрикасын куруу үчүн берилген 25 гектар жердин ижара акысы боюнча маселени шаардык Кеңештин сессиясында карап берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин» 8-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана 2018-жылдын 10-июнунда Ош шаарында аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын биринчи вице-мэри К.Боронов катышкан кеңешменин протоколдук тапшырмасын, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2018-жылдын 19-майындагы №17 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ош шаарында «Кыргыз Текстиль ЛТД» жоопкерчилиги чектелген коомуна тигүү фабрикасын куруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилген 25,0 гектар жердин 2018-жылдан 2028-жылга чейинки 10 жылдык ижара акысынын өлчөмү аталган жерге колдонуулучу жер салыгынын ставкасынын 2 эсе өлчөмүндө белгиленсин.
2.Ош шаарынын мэриясына, келишимдерди түзүүдө жана башка иш аракеттерди жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иш алып баруусу милдеттендирилсин.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б. Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |