ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
КЕЗЕКТЕГИ XIII СЕССИЯСЫ IV ЧАКЫРЫЛЫШ
2018-жылдын 20-июну № 120
«Ош шаарынын муниципалдык мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө»
Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 3-апрелиндеги № 223/08-13 Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмесин бекитүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» мыйзамынын негизинде жана Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын токтомдорун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ош шаарынын муниципалдык мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б. Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А. Батыров) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |