Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 126
«Ош шаардык Кеңешинин Президиумунун курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
«Бир бол» депутаттык фракциясынын башчысы, Ош шаардык Кеңешинин Президиумунун мүчөсү Байгазаков Алимжан Топчубаевич Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору болуп дайындалгандыгына байланыштуу анын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыктан жана Арзиев Эсенбек Маматкаримович «Бир бол» депутаттык фракциясынын башчысы болуп шайлангандыктан, Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 64- жана 66-беренелерин жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Байгазаков Алимжан Топчубаевич Ош шаардык Кеңешинин Президиумунун курамынан чыгарылсын.
2. Арзиев Эсенбек Маматкаримович Ош шаардык Кеңешинин Президиумунун курамына киргизилсин.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Б.Астанакулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага жүктөлсүн.
5.Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ж.Ормонов |