Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 127
“Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Ош шаардык Кеңешинин айрым депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, алардын ордуна жаңы депутаттар келгендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32-беренесине жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 39-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын курамдарына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1.1. Маметова Алтынай Сулеймановна социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан чыгарылсын.
1.2. Курбаназаров Сейиткасым Алипбекович социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамына киргизилсин.
1.3. Байгазаков Алимжан Топчубаевич бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан чыгарылсын.
1.4. Арзиев Эсенбек Маматкаримович мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан чыгарылып, бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамына киргизилсин.
1.5. Кулназаров Эрнис Алимбекович мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (Б.Астанакулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага жүктөлсүн.
4.Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Ж.Ормонов |