Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 128
«Ош шаарынын Ы.Монуев жана А.Шакиров көчөлөрүнүн кесилишиндеги шааркуруу түйүнүнүн деталдык пландоо долбоору жөнүндө»
Ош шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 24-майындагы “Ош шаарынын Ы.Монуев жана А.Шакиров көчөлөрүнүн кесилишиндеги шааркуруу түйүнүнүн эскизин бекитүү жөнүндөгү” №338/08-13 катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 24-майындагы №19 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын Ы.Монуев жана А.Шакиров көчөлөрүнүн кесилишиндеги шааркуруу түйүнүнүн деталдык пландоо долбоору бекитилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (Кадырбаев А.Т.) курулуштарга уруксат берүүдө Ош шаарынын Ы.Монуев жана А.Шакиров көчөлөрүнүн кесилишиндеги шааркуруу түйүнүнүн деталдык пландоо долбоорун эске алуу тапшырылсын.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |