Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-июну № 129
«Ош шаарынын аймагында жайгашкан кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнү ндө»
Ош шаарынын мэриясынын 2017-жылдын 30-ноябрындагы № 681/08-13, 6-декабрындагы №696/08-13 «Ош шаарынын аймагындагы кээ бир жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндөгү » кайрылууларын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 16-беренесине, Кыргыз Республикасынын Ош шаарынын статусу жөнүндө мыйзамынын 8-беренесине ылайык, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2018-жылдын 5-февралындагы № 5 токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тартипте жана Ош шаарынын Башкы планында кө рсө тү лгө н жер пайдалануу багыттарын (зоналарын) сактоо шарты менен төмөндөгү жер тилкелеринин максаттык багыттарын өзгөртүүгө макулдук берилсин:
-Ош шаарынын Амир-Темир аймактык кеңешинин № 175 көчөсүнүн №4 дарегинде жайгашкан Ош шаардык мусулмандар Казыятына таандык, жалпы аянты 500,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын «Турак-жай» багытынан «Социалдык» багытына;
-Ош-Араван жолунун 7-километринде жайгашкан Юнусов Төлөгөн Исломовичке таандык, жалпы аянты 7900,0 чарчы метр жер тилкесинин 3000,0 чарчы метрин «Коммерциялык» максаттык багытынан, 4900,0 чарчы метрин «Калкты тейлөө » максаттык багытынан «Жеке турак-жай» багытына.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев) жогоруда аталган жер тилкелеринин максаттык багытын өзгөртүү боюнча мыйзам чегинде тиешелүү иш чараларды жүргүзүү милдеттендирилсин.
3.Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б.Астанакулов) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык
жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |