Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-февралы № XI-1
“Ноокат шаар мэриясынын 2017-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндө Ноокат шаарынын мэринин отчету”
Ноокат шаарынын мэри Ж. Нурдиновдин Ноокат шаар мэриясынын 2017-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү Ноокат шаар мэринин отчетун угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-болүгүнүн 1,2-бөлүкчөлөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кенешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, Ноокат шаардык кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын мэри Ж.Нурдиновдин Ноокат шаар мэриясынын 2017-жыл ичинде аткарган иштери жөнүндөгү отчету депутаттардын айтылган сын-пикирлерин эске алуу менен канааттандыраарлык деп табылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин алдындагы мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |