Редакцияот 15.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

кезектеги V чакырылышынын XI сессиясы

2018-жылдын 15-февралы № XI-2

“Ноокат шаарынын аймагына видео көзөмөл орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө”

 

Ноокат шаарынын аймагына видео көзөмөл орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндогү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ноокат шаарынын аймагына видео көзөмөл орнотуу үчүн 81 600 (сексен бир миң алты жүз) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен ажыратылып берилсин.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

А.Гафаров