Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-февралы № XI-3
“2018-жылдын 1-январына атайын эсепте калган калдыкты бөлүп берүү жөнүндө”
2018-жылдын 1-январына карата 551 631 ( беш жүз элүү бир мин алты жүз отуз бир ) сом атайын эсепте калган калдыкты бөлүп берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ноокат шаар мэриясынын бюджетинде 2018-жылдын 1-январына карата 551 631 ( беш жүз элүү бир мин алты жүз отуз бир ) сом атайын эсептеги калган калдыкты шаардын аймагындагы балдар бакчаларына төмөнкүчө бөлүнүп берилсин:
“Курманжан Датка” атындагы балдар бакчасына: - 2221 ондоп-түзөө жумуштарына-250 448 ( эки жүз элүү мин төрт жүз кырк сегиз) сом; - 3112 эмеректерди сатып алууга-180 000 (бир жүз сексен мин) сом.
“Кара-Турпак” балдар бакчасына:
-3112 эмеректерди сатып алууга-29 994 (жыйырма тогуз мин тогуз жүз токсон төрт) сом;
- 2215 чарба буюмдарын сатып алууга-38 400 (отуз сегиз мин төрт жүз) сом.
“Растишка” балдар бакчасына:
-2224 көмур сатып алууга-8 789 (сегиз мин жети жүз сексен тогуз ) сом.
- «У.Салиева» атындагы балдар бакчасына:
-3112 отканага насос сатып алууга-40 000 (кырк мин) сом;
-2222 үтүк сатып алууга-4 000 (төрт мин) сом.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |