Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 15-февралы № XI-4
“Ноокат шаар мэриясынын имаратынын жыйындар залын ижарага берүү жөнүндө”
Ноокат шаар мэриясынын имаратынын жыйындар залын 1 (бир) саатка 1000 сомдон, өлчөмүндө бейөкмөт уюмдарга, тренингтерге, семинарларды өткөрүү үчүн ижара иретинде берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушунун негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын имаратынын жыйындар залын бейөкмөт уюмдарга, тренингтерге, семинарларды өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агентигинин Ош облустук бөлүмүнүн макулдашуусу менен 1 (бир) саатка 1000 сомго ижара акы алууга макулдук берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |