Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 15
«Зергер айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу токой участкаларындагы куураган жана илдетке чалдыккан дарактарды санитардык тазалоо жүргүзүү жөнүндө”
Зергер айылдык кеңешин кезектеги 6-сессиясы токойчу К.Караевдин Зергер айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу токой участкаларындагы куураган жана илдетке учураган дарактарды санитардык тазалоо жүргүзүү жөнүндө билдирүүсүн угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Зергер айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу токой участкаларындагы санитардык тазалоодон өткөн куураган жана илдетке чалдыккан дарактарды кыркып ички чириген эски ички электр столбаларын алмаштырууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төрага | С.Кулушов |
Зергер айылдык кенешине
Зергер айыл өкмөтүнүн токтойчусу К.Караевден
БИЛДИРҮҮСҮ
Зергер айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу токой участкаларындагы куураган жана илдетке чалдыккан дарактар көп. Аларды санитардык тазалоо жүргүзүү зарыл.Антпесе жугуштуу оору башка таза дарактарга жугушу мүмкүн.
Санитардык тазалоодон өтк өн куураган жана илдетке чалдыккан дарактарды кыркып айылдардагы ички чириген эски электр столбаларын алмаштырууга макулдук берүүнүздөрдү суранам.
Зергер айыл өкмөтүнүн токтойчусу | К.Караевден |