Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 16
“Жаратылыштын табигий кырсыгынан жабыркаган айыл чарба багытындагы жер аянтарын аныктап чыккан комиссиянын корутундусун кароо жөнүндө ”
Зергер айылдык кенешинин кезектеги алтынчы сессиясы жаратылыш кырсыгынан жабыркаган айыл чарба багытындагы жер аянтарын аныктап чыккан комиссиянын жана жер турак жай маселелри боюнча башкы адис М.Каракозуевдин билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган айыл чарба багытындагы жер аянтарын аныктап чыккан комиссиянын корутундусунда көрсөтүлгөн 18,44 га сугат айдоо үлүш жер, 177,0 га кайрак айдоо жер,181,0 га чөп ормо жер, 60,0 га жайыт аянты, ощондой эле кайра бөлүштүрүү фондунун 5,0 га сугат айдоо жер, 391,0 га кайрак айдоо жер, 569,0 га чөп ормо жер аянтын сел жууп, жер көчкүдөн пайдаланууга жараксыз абалга келгени аныкталгандыктан райондук комисиянын кароосуна сунуш кылынсын.
2. Жараксыз абалга келип пайдаланууга мүмкүн болбой калган атуулдардын үлүш аянттарын башка жер аянттарынан чечип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төрага | С.Кулушов |
Зергер айылдык кенешине
Зергер айыл өкмөтүнүн жер
турак жай жана өзгөчө кырдаалдар
боюнча башкы адиси М.Каракозуевден
БИЛДИРҮҮ.
Зергер айыл өкмөтүнүн айылдарында Ничке-Сай,Аюу айылында жер көчкү болду.Мындан сырткары башка айылдарад да сел суу ташкыны болду. жер көчкү айыл чарба багытындагы жерлерди алып кетти. Бул боюнча комиссия иштеп аныктап чыкты. Зергер айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда 2017-жылды март апрель аймагындагы ношорлоп жааган жамгырдын кесепетинен жер көчкүдөн жараксыз болгон айыл чарба багытындагы жерлерди комиссия карап аныктап чыкты. Эми ушул токтомдун доолборун бекитип берсениздер райондук комиссия карап чыгуусу керек.
Баардык жыйынтыгы менен макулдук берүүнүздөрдү суранам.
Жер турак жай , муниципалдык менчик жана ө згө чө кырдаалдар боюнча башкы адис |
М. Каракозуев |