Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-апрели № 20
“Кайрат айылынын Тескей участкасына түзүлгөн ген планды өзгөртүү жөнүндө”
Зергер айылдык кенешинин кезексиз жетинчи сессиясы Кайрат айылына мурда түзүлгөн генпланды өзгөртүү боюнча Зергер айыл өкмөтүнүн жер турак жай маселелери боюнча башкы адиси М.Каракозуевдин билдирүүсүн угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайрат айылынын Тескей участкасына мурда түзүлгөн ген планын өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Түзүлгөн генпланды өзгөртүү боюнча иш чараларды жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер турак жай маселелри боюнча башкы адиси М.Каракозуевге милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төрага | С.Кулушов |
Зергер айылдык кенешине
Зергер айыл өкмөтүнүн жер турак жай
жана өзгөчө кырдаалдар боюнча
башкы адиси М. Каракозуевден
БИЛДИРҮҮ.
Зергер айыл өкмөтүнүн Кайрат айылынын Тескей участкасына мурун түзүлгөн генпланга өзгөртүү киригизүү мыйзам талаптарына жооп берет.Ошондуктан ушул сунушту карап бекитип берүүнүздөрдү суранам.Бул боюнча комиссия иштеп аныктап чыкты.
Жер турак жай , муниципалдык менчик жана өзг өч ө кырдаалдар боюнча башкы адис | М. Каракозуев |