Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июлу № 23
“Аюу айылындагы №33 Б.Тешебаев атындагы орто мектебинин жаны имаратын курууга жер участкасын ажыратып берүү жөнүндө”
Зергер айылдык кенешинин кезексиз тогузунчу сессиясы Аюу айылындагы №33 Б.Тешебаев атындагы орто мектебинин жаны имаратын курууга жер участкасын ажыратып берүү жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн жер турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси М.Каракозуевдин билдирүүсүн угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аюу айылындагы № 33 Б.Тешебаев атындагы орто мектебинин жаны имаратын курууга Зергер айыл өкмөтүнүн Ак-Коргон участкасындагы үлүш чөп ормо жер аянтынан жер участкасын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төрага | С.Кулушов |
Зергер айылдык кенешине
Зергер айыл өкмөтүнүн жер турак жай жана
өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы
адиси М.Каракозуевден
БИЛДИРҮҮ.
Зергер айыл өкмөтүнүн айылдарында Ничке-Сай,Аюу айылында жер көчкү болду.Мындан сырткары башка айылдарад да сел суу ташкыны болду. Өзгөчө кырдалдар министирлигинин мониторинг департаменти тарабынан Б.Тешебаев орто мектебинин имараты кооптуу көчкү коркунучунда деп корутунду берген. Азыр башка жерге мектеп курууга ушул жерди тандашты.Эми ушул токтомдун доолборун бекитип берүүнүздөрдү суранам.
Жер турак жай , муниципалдык менчик жана өзг өч ө кырдаалдар боюнча башкы адис |
М. Каракозуев |