Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-июлу № 24
«Зергер айыл аймагынын «Ардактуу жараны» наамын берүү жөнүндө»
Зергер айыл аймагынын жалпы элдик жыйынынын 2017-жылдын 30-июнундагы «Кадырбаев Тыныбек Токторбаевичке Зергер айыл аймагынын «Ардактуу жараны» наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунушун карап,талкуулап чыгып, «Зергер айыл аймагынын ардактуу жараны» жөнүндөгү жобонун негизинде Зергер айылдык кенешинин кезексиз 9-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Зергер айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан эсүп өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Кадырбаев Тыныбек Токторбаевичке Зергер айыл аймагынын «Ардактуу жараны» наамы берилсин.
2. «Зергер айыл аймагынын ардактуу жараны» жөнүндөгү жобонун негизинде күбөлүктөш белгисин даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С.Кулушов |
Зергер айыл аймагынын жамааттарынын жыйынынын
П Р О Т О К О Л У.
Кайрат айылы. 30-июнь 2017-жыл.
Жыйындын төрагасы: Д.Бокошов
Жыйындын катчысы:-А.Адилбеков
Катышуучулар:- Зергер айылдык кенешинин депутаттары,айыл тургундары,мекеме уюмдун кызматкерлери,пенсионерлер болуп жалпы жети айылдан 53(элүү үч) адам катышты.
Күн тартибиндеги каралуучу маселе:
1.Зергер аймагынын ардактуу жараны наамын ыйгаруу жөнүндө .
Угулду:Күн тартибиндеи маселе менен айыл ө кмө т башчысы Д.Бокошов чыгып сү йлө п тө мө нкү лө ргө токтолду.Айыл тургундарынан,жамааттардан Зергер айыл аймагынын социалдык –экономикалык ө нү п ө сү шү нө жана айылдардын инфраструктурасынын жакшыртууга кошкон салымы ү чү н ДЭП -5 ишканасынын жетекчиси Кадырбаев Тыныбек Токторбаевичке «Зергер айыл аймагынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу сунушу тү шкө н.Ушул маселени сиздердин кароонуздарга коемун.
М.Сайитов-Ничке-Сай айылынын айыл башчысы-Кадырбаев Тыныбектин кыскача омү р таржымалына токтолуп, Зергер айыл аймагына кылган иш аракеттерин айтып ө ттү .
Урматтуу жыйындын катышуучулары кун тартибиндеги маселе боюнча кимде кандай сунуштар бар?Алиев Гаухарбек -Аюу айылынын тургуну-Мен Т.Кадырбаевди ардактуу жаран наамына татыктуудеп эсептейм.Жужубаев Сулайман –Токтогул айылынын айыл башчысы-Мен дагы айыл тургундарынын сунушун колдойм, ардактуу жана наамына татыктуу.
Бокошов Д.К.-Урматтту жыйындын катышуучулары добушка коелу деген сунуш тү шү п жатат башка сунуш жокпу?Жок,Анда колго саламын кимде ким Кадырбаев Тыныбек Токторбаевичке Зергер айыл аймагынын ардактуу жараны наамын ыйгарууга макул атуулдардын добуш берү ү сү н суранам.Макул 53,каршы калыс жок.Бир добуштан.
Зергер айыл ө кмө тү нү н жамаатттарынын жалпы жыйыны кү н тартибиндеги маселени угуп талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Зергер айыл аймагынын социалдык –экономикалык өнүп өсүшүнө жана айылдардын инфраструктурасынын жакшыртууга кошкон салымы үчүн ДЭП -5 ишканасынын жетекчиси Кадырбаев Тыныбек Токторбаевичке Зергер айыл аймагынын ардактуу жараны наамын ыйгарууга макулдук берилсин.
2.Суралсын Зергер айылдык кенешинен ушул протоколду бекитип берүү жагы.
Жыйындын төрагасы | Д.Бокошов |
Жыйындын катчысы: | А.Адилбеков |