Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-сентябры № 27
“Зергер айыл аймагындагы айылдарда жер көчкү боюнча кошумча корутунду берилген атуулдарга жер участка алууга макулдук берүү жөнүндө”
Зергер айылдык кенешинин кезектеги онунчу сессиясы Зергер айыл аймагынын айылдарында жер көчкү боюнча кошумча корутунду берилген атуулга жер участка алууга макулдук берүү жөнүндө Зергер айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар боюнча жетектөөчү адиси М.Сагынбаевдин билдирүүсүн угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Зергер айыл аймагынын айылдарында жашаган Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинини миниторинг департаменти тарабынан жер көчкү боюнча кошумча корутунду берилген Аюу,Кутурган,Зергер,Жаны-Айыл,Кайрат айылдарынын тургундарына Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн Ана-Кызыл участкасынан коопсуз жайдан турак жай салууга кезексиз жер участка алууга макулдук берилсин.
2. Турак жай салууга жер тилкесине муктаж жер көчкү коркунучунда жашап жаткан атуулдарга коопсуз жайдан жер тилкелерин алуусуна көмөк көрсөтүү айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төрага | С.Кулушов |
Зергер айылдык кенешине
Зергер айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалдар
боюнча жетектөөчү адиси М.Сагынбаевден
БИЛДИРҮҮ
Зергер айыл өкмөтүнүн айылдарында жер көчкү коркунучунда жашап жаткан атуулдардын тизмелери мурунку сессияларда каралып мониторинг жүргүзүү боюнча өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жүргүзүү депортаментине берилген болучу.Азыр алардан сырткары июнь, июль айларында өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жүргүзүү депортаменти тарбынан кошумча 243 атуулга кошумча корутунду берилген. Ал корутунду сиздердин колунуздарда турат таанышып чыктыныздар.Алар:
Аюу айлынан - 15
Кайрат айылынан-7
Кутурган айылынан-86
Зергер айылынан-83
Ничке-Сай айылынан-56
Жаны-Айыл айылынан-30
Баардык жыйынтыгы боюнча 277 атуулга өзгөчө кырдаалдар министрлигинин мониторинг жүргүзүү депортаментинен кошумча корутунду чыгып келген.Ушул атуулдарга кезексиз коопсуз жайдан жер участка алууга макулдук берүүнүздөрдү суранам.
Жер турак жай , муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис | М. Сагынбаев |