Загрузка документа…
ЗЕРГЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-сентябры № 28
“Жаратылыштын табигий кырсыгынан жабыркаган айыл чарба багытындагы жер аянтарын аныктап чыккан комиссиянын корутундусун кароо жөнүндө”
Зергер айылдык кенешинин кезектеги онунчу сессиясы жаратылыш кырсыгынан жабыркаган айыл чарба багытындагы жер аянтарын аныктап чыккан комиссиянын жана жер турак жай маселелри боюнча башкы адис М.Каракозуевдин билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаратылыш кырсыгынан жабыркаган айыл чарба багытындагы жер аянтарын аныктап чыккан комиссиянын корутундусунда көрсөтүлгөн 11,88 га сугат айдоо үлүш жер, 228,0 га кайрак айдоо үлүш жер,268,0 га чөп ормо үлүш жер, ощондой эле кайра бөлүштүрүү фондунун 5,0 га сугат айдоо жер, 369,0 га кайрак айдоо жер, 569,0 га чөп ормо, баардыгы 16,88 сугат айдоо жер, 597,0 кайрак айдоо жер, 837,0 га чөп ормо жер аянтын сел жууп, жер көчкүдөн пайдаланууга жараксыз абалга келгени аныкталгандыктан башка категорияга которуу үчүн райондук комиссиянын кароосуна сунуш кылынсын.
2. Жараксыз абалга келип пайдаланууга мүмкүн болбой калган атуулдардын үлүш аянттарын башка жер аянттарынан чечип берүү жагы Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынынан суралсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Айыл -суу чарба, өнөр-жай,курулуш, транспорт, энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына жүктөлсүн.
Төрага | С.Кулушов |
Зергер айылдык кенешине
Зергер айыл өкмөтүнүн жер турак жай
жана өзгөчө кырдаалдар боюнча
башкы адиси М.Каракозуевден
БИЛДИРҮҮ.
Зергер айыл өкмөтүнүн айылдарында Ничке-Сай,Аюу айылында жер көчкү болду.Мындан сырткары башка айылдарад да сел суу ташкыны болду. жер көчкү айыл чарба багытындагы жерлерди алып кетти. Бул боюнча комиссия иштеп аныктап чыкты. Зергер айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарда 2017-жылдын март, апрель айларындагы нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен жер көчкүдөн жараксыз болгон айыл чарба багытындагы жерлерди комиссия иштеп аныктап чыкты. Алар төмөндөгүлөр:
Айылдардын аталышы | Баардык жер | Суугат | Кайрак | Чоп ормо | |||
/лүш | Аренда | /лүш | Аренда | /лүш | Аренда | ||
Токтогул | 135,90 | 3,64 | 5,30 | - | 37,98 | 19 | 60 |
Жаёы-Айыл | 144 | 8,24 | 2 | 24 | 49 | 11,76 | 49 |
Кайрат | 124,40 | - | - | - | 35,53 | 28,50 | 60,37 |
Аюу | 117,20 | - | - | - | 35,70 | 19,5 | 72 |
Кутурган | 268,28 | - | - | 43,77 | 76,5 | 61 | 87,01 |
Зергер | 163,95 | - | - | 14,55 | 40 | 47,20 | 62,2 |
Ничке-Сай | 435,50 | - | - | 82,70 | 90,8 | 86 | 176 |
|
|
|
|
|
|
|
|
Айыл өкмөт боюнча | 1437,49 | 11,88 | 7,30 | 165,02 | 365,51 | 272,96 | 569 |
Баардык жыйынтыгы менен макулдук берүүнүздөрдү суранам.
Жер турак жай , муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис | М. Каракозуев |