Редакцияот 19.01.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

2016-жылдын 19-январы № 24/1

“Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерди сунуш кылуу жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” мыйзамынын 19-беренесинин 1- жана 7-бөлүмдөрүнө ылайык, Катран айылынын жашоочуларынын жалпы чогулушунун протоколун карап жана талкуулап Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди сунуш кылуу максатында Катран айыл аймагынын айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын резервине Козубаев Абдибахап Исманалиевичтин талапкерлиги сунуш кылынсын.

2.    Токтомду бекитип берүү жагы Борбордук шайлоо комиссиясынан суралсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.

 

Төрага

Акматов А.