ТоктомКүчүндө

Катран айылдык кенешинин 2016-жылдын 21-январындагы № 25/1 «Катран айыл аймагынын айылдык Кенешинин 2016-жылга иш планын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция21.01.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы

2016-жылдын 21-январы № 25/1

“Катран айыл аймагынын айылдык Кенешинин 2016-жылга иш планын бекитүү  жөнүндө”

     Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү мыйзамынын 24 беренесинин, Катран айылдык кенешинин регламентинин негизинде жана депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып Катран айыл аймагынын айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Катран айылдык кенешинин 2016-жыл үчүн түзүлгөн иш планы бекитилсин.

2.    Иш пландын аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырылсын.

 

Төрага

Акматов А.