Загрузка документа…
КАТРАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-январы № 25/8
“Баул айылынын айыл башчысы Туратов Кумарбайдын сунушу жөнүндө.”
Баул айылындагы айылдык башкаруу кеңешинин отурумунун 2016-жылдын 5-январындагы №1 протоколун карап жана талкуулап Катраң айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык башкаруу кеңешинин отурумунун 2016-жылдын 5-январындагы №1 протоколу бекитилсин.
2. Баул айылындагы Чоң Теректи тарыхий мурастар тизмесине киргизүү жагы сунушталсын.
3. Тарыхий мурастар тизмесине киргизүүнүн үстүндө иштөө жана керектүү кагаздарын даярдоо айыл башчы К.Туратовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Катраң айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исаевге тапшырылсын.
Төрага | А.Акматов |